Өлкөдө диний себептерден улам эмдөөдөн баш тартуулар азая баштады

Кыргызстанда жылына 8 миңдей жаран пландуу эмдөөдөн баш тартат.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, расмий каттоо 2016-жылдан бери жүргүзүлүп келет.

Эксперт белгилегендей, буга чейин баш тартуулардын 70 пайызга жакыны диний себептерден улам болгон.

Уюмдар менен тыгыз иштөөнүн аркасында бул көрсөткүч 20 пайызга кыскарды.

Азыр калк арасында вакциналардын коопсуздугу жана натыйжалуулугунан күмөн санагандар бар.

Андыктан дарыгерлер бул багытта маалымат иштерин күчөтүштү.