Бириккен Араб Эмирлиги чет элдик туристтер үчүн бардык коронавирустук чектөөлөрдү алып салды

Бириккен Араб Эмирлиги чет элдик туристтер үчүн бардык коронавирустук чектөөлөрдү алып салды. Эми Дубай жана Абу-Дабиге ПЦР-тест тапшырбай эле барса болот.   Ошондой эле, вакцинация жөнүндө сертификат талап кылынбайт. Ал эми Дубай аркылуу транзит менен учкандар бара турган мамлекеттин талаптары боюнча учат.

Жалал-Абадда социалдык айыл ачылды

Жалал-Абадда социалдык айыл ачылды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, “Бахрейн” айылынын курулушу эл аралык кайрымдуулук фонддорунун биринин каржылоосу менен жүргүзүлдү.   Анда 24 көп кабаттуу үй, 250 окуучуга ылайыкталган заманбап мектеп, бала бакча, тигүү цехи жана үй-бүлөлүк медициналык борбору бар. Андан тышкары, айыл таза суу менен камсыздалды.… Кененирээк…

“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чара аба-ырайынын начар шарттарына байланыштуу. Чектөөлөр абал турукташканча күчүндө болот.   Ал эми жеңил унаалар тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатат. Бирок айдоочулар жол эрежелерин сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүшү керек.

Россия Кыргызстан мектептерине кийинки жылы 150 мугалим жөнөтөт

Россия Кыргызстан мектептерине кийинки жылы 150 мугалим жөнөтөт. Тиешелүү макулдашуу эки өлкөнүн Билим берүү министрликтери ортосунда “Россиялык мугалим чет өлкөдө” долбоорунун алкагында жетишилди.   Андан тышкары, республикада курулган мектептердин бири боюнча макулдашууга кол коюлду. Анда окуу орус тилинде жана россиялык билим берүү стандарттары менен жүргүзүлөт.

АКШ Кыргызстанга азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 1,5 миллион доллар бөлүп берет

АКШ Кыргызстанга азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 1,5 миллион доллар бөлүп берет. Каражат Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы сактоочу жайларды, логистикалык борборлорду модернизациялоого багытталат.   Бул маанилүү айыл-чарба продукцияларын туура сактоо үчүн зарыл. Муну менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, мөмө-жемиштерди сатуу үчүн жаңы багыттар пайда болот.

Каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында иштеген кыргызстандыктар эң чоң айлык алат

Каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында иштеген кыргызстандыктар эң чоң айлык алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Мааыматка ылайык, алардын маянасы 49 миң 869 сомду түзөт.   Өткөн жылдын декабрь айында алар 58 миң сомдон көп алган. Өз кезегинде, эң аз айлык айыл,  токой жана… Кененирээк…

Испанияда бүтүндөй айыл сатылып жатат

Испанияда бүтүндөй айыл сатылып жатат. Калк жашаган түйүн Кастилия автономдук облусунда жайгашат. Анда жашаган тургундар айылды туристтик объектке айландырууну пландаган, бирок алардын пландарына кризис тоскоол болду.   Калк жашаган түйүндүн баасы 240 миң еврону түзөт. Бул суммага 44 имараттын, кафенин, чиркөөнүн жана мектептин ээси болсо… Кененирээк…

Кыргызстан КМШ өлкөлөрү арасында кышкы туризм үчүн сунушталган багыттардын алдыңкы үчтүгүнө кирди

Кыргызстан КМШ өлкөлөрү арасында кышкы туризм үчүн сунушталган багыттардын алдыңкы үчтүгүнө кирди. Туристтер үчүн рейтингди “ТурСтат” аналитикалык порталы түздү.   Ага ылайык, алдыңкы 5 орунга Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Армения кирет. Эксперттердин маалыматы боюнча, биздин өлкөдө туристтерди кышкысын Караколдогу тоо-лыжа курорту жана Ысык-Көл кызыктырат.

Бишкекте мыйзамсыз жарнама такталарын алуу уланууда

  Бишкекте мыйзамсыз жарнама такталарын алуу уланууда. Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө ишканасы уруксат берилбеген жарнамаларга рейд өткөрдү.   Биринчи май районунда 37 жарнама, 51 баннер, Свердлов районунда 382 жарнама алынды.   Ленин районунда 160 мыйзамсыз жарнактар тазаланды. Октябрь районунда жалпысынан 26 жарнамалык… Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жаралды

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 10-ноябрга чейин Ала-Бел, Төө-Ашууда жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн.   Мындай коркунуч башка тоолуу райондордо дагы сакталууда. Андыктан, сапарга чыккан айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы керек.