10-ноябрда Бишкектин үч конушуна суу берүү токтотулат

Эртең, 10-ноябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарынын Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарына таза суу берүү токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу алгычтарында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.