Бишкек жана Чүйдө электр энергиясын авариялык өчүрүү болду

Кардын катуу жаашынан улам Бишкектин жана Чүй облусунун бир катар аймактарында электр энергиясын авариялык өчүрүү болду. Бул тууралуу Чүй электр тармактары ишканасынан билдиришти. Маалымтака ылайык. бардык нөөмөт бригадалары жеринде авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүздү. Электр менен камсыздоо боюнча суроолор менен 1209 номери аркылуу күнү-түнү кайрылууга болот.

Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүнө суу берүү токтотулат

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкектин бир бөлүгүнө суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечки саат 20:00гө чейин Бишкектин Абакан көчөсү, Дэн Сяопин, Кустанай, Профсоюз, Волкова, Садыгалиев, Безымянный көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда таза суу убактылуу жок болот. Муниципалитеттен белгилешкендей, «Киркомстром» суу алгычындагы… Кененирээк…

Улуттук банк валюта рыногуна 55 миллион 200 миң доллар сатты

Улуттук банк интервенция жасап, валюта рыногуна 55 миллион доллар сатты. Ведомствонун сайтындагы маалыматка ылайык, өлкөнүн башкы каржы мекемеси жыл башынан бери валюта рыногуна алты жолу интервенция менен чыгып, акыркысын эсепке алганда жалпысынан 272 миллион доллар сатты. Буга чейинки интервенция 10-мартта жүргүзүлгөн. Анда 19 миллион 450… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш бүгүн Кемпир-Абад маселесин карайт

Жогорку Кеңеш бүгүнкү жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүүнү карайт. Бул маселе парламенттин сайтына жарыяланган күн тартибине киргизилген эмес. Бирок президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев… Кененирээк…

Сүрөтчүлөр эски футбол топторун жаңылап чыгышты

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты ушул аптада башталат. Бул иш-чара үчүн Белградда футбол топторунун эң кымбат коллекциясын тартуулаган көргөзмө ачылды. Бул топтор кадимкидей эмес. Дүйнөнүн бардык бурчунан келген сүрөтчүлөр аларды өз чыгармачылык идеяларын жеткирүү үчүн полотно катары колдонушкан. Натыйжада оригиналдуу көркөм галерея пайда болду.

Өлкөнүн башкы жолдору оор жүк ташуучу унаалардан башка бардык кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору оор жүк ташуучу унаалардан башка бардык кыймыл үчүн ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жолдордо кар күрткүсү пайда болуп, айрым жерлерде муз тоңот. Алыс сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга унааларынын техникалык абалын текшерип, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу, кар чынжырларын ала жүрүү жана… Кененирээк…