Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүнө суу берүү токтотулат

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкектин бир бөлүгүнө суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечки саат 20:00гө чейин Бишкектин Абакан көчөсү, Дэн Сяопин, Кустанай, Профсоюз, Волкова, Садыгалиев, Безымянный көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда таза суу убактылуу жок болот.

Муниципалитеттен белгилешкендей, «Киркомстром» суу алгычындагы жана шаар түтүктөрдөгү оңдоо иштерине байланыштуу турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жай ишканаларында болбойт.