Жыргалаңда заманбап тоо-лыжа комплексин куруу пландалууда

Жыргалаңда заманбап тоо-лыжа комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди. Анын айтымында, ЖЫргалаңда кышкы сезон дээрлик 5 айга созулгандыктан, бул жер тоо-лыжа курорту үчүн ыңгайлуу.   Алдын ала маалыматка ылайык, комплексти мамлекеттик – жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырса болот.

Ошто 4 түйүндө арзандатылган баада көмүр сатылууда

Ошто 4 түйүндө арзандатылган баада көмүр сатылууда. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, аларда кара отундун бир тоннасы 4 миң 800  сомдон сатылып жатат.   Бир колго 1 тоннадан ашык сатылбайт. Сатуу түйүндөрү Жапалак айыл башкармалыгында жана Туран, Амир-Тимур райондорунда жайгашат.

Кассалык-көзөмөл аппараттардын айрым үлгүлөрүн 31-декабрга чейин гана колдонсо болот

Кассалык-көзөмөл аппараттардын айрым үлгүлөрүн 31-декабрга чейин гана колдонсо болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, кеп фискалдык модулу жок аппараттар тууралуу болуп жатат. Алар эски үлгүдөн болгондуктан, жаңыланган техникалык талаптарга жооп бербейт.   Андыктан, эски үлгүдөгү кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонуп келген ишкерлер 1-январдан… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш депутаттары Өзбекстан менен чек аранын айрым тилкелеринин делимитациясы боюнча макулдашууну 3 окууда жактырды

Жогорку Кеңеш депутаттары Өзбекстан менен чек аранын айрым тилкелеринин делимитациясы боюнча макулдашууну 3 окууда жактырды. Биринчи жана үчүнчү окууларда 64 депутат макул, 19 депутат каршы болду.   Экинчи окууда 62 эл өкүлү макулдашууну колдоп берсе, 21и каршы чыкты. Жалпысынан отурумга 83 депутат катышты.

Марадона колу менен гол киргизген топ 2,3 млн еврого сатылды

Аргентиналык футболчу Диего Марадона 1986-жылы Англия менен болгон дүйнөлүк чемпионаттын чейрек финалдык беттешинде гандболдо колдонгон топ аукциондо 2,3 миллион еврого сатылганын The Guardian басылмасы жазып чыкты. Бул гол кийин «Кудайдын колу» деп аталган. Топтун баштапкы баасы 570 миң евро болгон.

Кийинки жылы Түркияда эс алуу кымбаттайт

Кийинки жылы Түркияда эс алуу кымбаттайт. Мейманканалардагы баалар 30-50 пайызга жогорулайт деп жазды “Интерфакс”. Бул жогорку суроо-талап, инфляция жана кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына байланыштуу. Муну менен ишкерлер өсүп жаткан чыгымдардын ордун толтурууга аракет кылууда. Алсак, азыр эки кишилик бөлмөнүн баасы болжол менен 90 евро болсо,… Кененирээк…

Жалал-Абаддын алыскы айылдарындагы төрт мектеп санарип билим булагына туташты

Жалал-Абаддын алыскы айылдарындагы төрт мектеп санарип билим булагына туташты. Бул Билим берүү министрлиги жана коомдук фонддордун бири тарабынан ишке ашырылып жаткан “Санарип билим булагы” долбоорунун натыйжасында мүмкүн болду. Анын алкагында окуучулар чет тилдерин үйрөнүп, ЖРТга даярдануу жана квалификациялуу мугалимдердин дистанциялык лекцияларын угуу үчүн маалыматтык технологияларды… Кененирээк…

Бишкекте автобус айдоочуларынан акча талап кылган чиновник кармалды

Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган автотранспорт ишканасынын бөлүм башчысы пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. УКМК билдиргендей, ал кызматтык абалынан пайдаланып, линияда жүргүнчү ташыган автобустардын айдоочуларынан үзгүлтүксүз акча чогултуу үчүн коррупциялык схеманы уюштурган. Буга каршы чыккандарды каттамдан алып салуу же жумуштан кетирүү менен коркутуп келген. Кармалган жаран… Кененирээк…

Кыргызстанда узак убакыттан бери биринчи жолу доллар кымбаттай баштады

Кыргызстанда узак убакыттан бери биринчи жолу доллар кымбаттай баштады. Кечээ америка валютасынын курсу жарым күндө 1 сомго көтөрүлгөн. Бүгүн ордо калаанын акча алмаштыруучу жайлары доллардын сатып алуу курсун 84,5 сом деп белгилеп, 85,5 сомдон сатууда. Номиналдуу курс Улуттук банк тарабынан 84 сом 42 тыйын деп… Кененирээк…

Жогорку Кеңеште бир катар министрлер ант беришти

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Мамлекет башчынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда министрлер кабинетинин төмөнкү мүчөлөрү ант беришти: — тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; — саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова; — транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев; —… Кененирээк…