Улуттук банк валюта рыногуна 55 миллион 200 миң доллар сатты

Улуттук банк интервенция жасап, валюта рыногуна 55 миллион доллар сатты.

Ведомствонун сайтындагы маалыматка ылайык, өлкөнүн башкы каржы мекемеси жыл башынан бери валюта рыногуна алты жолу интервенция менен чыгып, акыркысын эсепке алганда жалпысынан 272 миллион доллар сатты.

Буга чейинки интервенция 10-мартта жүргүзүлгөн.

Анда 19 миллион 450 миң доллар сатылган.

Ошондой эле быйыл Улуттук банк жалпысынан 190 миллион 740 миң доллар сатып алды.

Белгиленгендей, валюталык интервенция Улуттук банк тарабынан алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында жүргүзүлөт.