Жогорку Кеңеш бүгүн Кемпир-Абад маселесин карайт

Жогорку Кеңеш бүгүнкү жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүүнү карайт.

Бул маселе парламенттин сайтына жарыяланган күн тартибине киргизилген эмес.

Бирок президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчы Садыр Жапаров 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынына катышарын билдирген.

Анын маалыматына караганда, жыйында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант берет, андан тышкары Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоору каралат.