Кардын катуу жаашынан улам Бишкектин жана Чүй облусунун бир катар аймактарында электр энергиясын авариялык өчүрүү болду.
Бул тууралуу Чүй электр тармактары ишканасынан билдиришти.
Маалымтака ылайык. бардык нөөмөт бригадалары жеринде авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүздү.
Электр менен камсыздоо боюнча суроолор менен 1209 номери аркылуу күнү-түнү кайрылууга болот.