Бишкек – Ош жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Бишкек – Ош жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, жаап жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Мындан улам, унаалар ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.