Бишкек – Гоа – Бишкек багыты боюнча түз аба каттамы ачылат

Бишкек – Гоа – Бишкек багыты боюнча түз аба каттамы ачылат. “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Индиянын курорттук аймагына учактар алгачкы ирет кое берилет.   Гоа аралына жакынкы каттамдар 20-жана 28-декабрга белгиленди. Аларды жергиликтүү авиакомпания аткарат.

Түркиялык инвесторлор Кант жана Кара-Балта шаарларында жаңы заводдорду курат

Түркиялык инвесторлор Кант жана Кара-Балта шаарларында жаңы заводдорду курат.   Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, түркиялык ишкерлер Кара-Балта шаарына таштандыны кайра иштетүүчү заводун, ал эми Кант шаарына асфальт жана пластик тетиктерин өндүрүүчү завод курууну пландап жатат. Ар бир долбоорго салына турган инвестициянын көлөмү… Кененирээк…

Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартике өтүүдө

Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартике өтүүдө. Бул ЕАЭБ саммитин өткөрүүгө байланыштуу, — деп билдирди Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары Нурлан Исмаилов.   Анын айтымында, мындай режим 8-декабрдан 10-декабрга чейин созулат. Коомдук тартипти камсыздоого 4 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.

Бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында кийинки турга өткөн дагы 2 курама аныкталат

Бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында кийинки турга өткөн дагы 2 курама аныкталат. Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да оюн талаасына Марокко – Испания чыгат.   Ал эми түнкү саат 1де Португалия – Швейцария курамалары чейрек финалга чыгуу укугун талашат. Бул эки беттеште жеңишке жеткен… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда кайсы адистиктерге суроо-талап көп болгону айтылды

Быйыл Кыргызстанда кайсы кесиптин ээлерине суроо-талап көп болгондугун Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө жумушту онлайн издөө жана жалдоо боюнча иш алып барган HeadHunter платформасы маалымдады. Суроо-талап боюнча, маалымат платформанын сайтына жайгаштырылган иш берүүчүлөрдөн сурамы жана талапкерлердин резюмелеринин негизинде даярдалган. 2022-жылы өлкөдө соода иштерин жүргүзгөн менеджерлер жана… Кененирээк…

Криштиану Роналду Сауд Арабиялык “Аль-Наср” клубун тандады

Криштиану Роналду Сауд Арабиялык “Аль-Наср” клубун тандады.   “Марса” жазгандай, 37 жаштагы футболчу 1-январдан тарта жаңы келишимге кол коет. Ал аталган клуб үчүн 2,5 сезон ойноп, бир сезондо 200 миллион евро алат.   Муну менен Роналду дүйнөдөгү эң кымбат футболчу аталат. Белгилеп кетсек, учурда бул… Кененирээк…

Клиникалык тез жардам кызматы ооруканасынын аймагында 2 кошумча корпус пайда болот

Клиникалык тез жардам кызматы ооруканасынын аймагында 2 кошумча корпус пайда болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Улан Садыков билдирди.   Анын айтымында, 3 кабаттуу имараттарда 5 бөлүм ачылат. Эскиздер иштелип чыгып, долбоордук-сметалык документация даярдалууда. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы баасы – 9 миллион доллар. Каражатты Катар… Кененирээк…

Кыргызстанга Азия өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар бөлүп берет

Кыргызстанга Азия өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди. Анын айтымында, каражаттын бир бөлүгү насыя болсо, калганы кайтарымсыз негизде берилет.   Акча электр энергиясынын импортуна жана Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алууга жумшалат.

Баткен облусуна бир нече оорукана курулат

Баткен облусуна бир нече оорукана курулат.   Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди. Анын айтымында, жаңы медициналык жайлар Лейлек жана Баткен райондорунда пайда болот.   Лейлектеги оорукананын курулушуна Катар фонду каражат бөлүп берсе, экинчи имаратты тургузуу кийинки жылдын бюджеттине киргизилди, — деди министр.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга сапары 10-декабрда башталат

Кыргызстандын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапары 10-декабрда башталарын билдирди.   “Эки өлкөнүн лидерлери чакан жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, бир туугандык жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү… Кененирээк…