Түркиялык инвесторлор Кант жана Кара-Балта шаарларында жаңы заводдорду курат

Түркиялык инвесторлор Кант жана Кара-Балта шаарларында жаңы заводдорду курат.

 

Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, түркиялык ишкерлер Кара-Балта шаарына таштандыны кайра иштетүүчү заводун, ал эми Кант шаарына асфальт жана пластик тетиктерин өндүрүүчү завод курууну пландап жатат. Ар бир долбоорго салына турган инвестициянын көлөмү 25 миллион долларга чейин жетет.

 

Андан тышкары, чет элдик ишкерлер Аламүдүн районуна текстиль фабрикасын жана сүттү кайра иштетүүчү завод курууга кызыкдар экени айтылды.