Бишкек – Гоа – Бишкек багыты боюнча түз аба каттамы ачылат. “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Индиянын курорттук аймагына учактар алгачкы ирет кое берилет.
Гоа аралына жакынкы каттамдар 20-жана 28-декабрга белгиленди. Аларды жергиликтүү авиакомпания аткарат.