Коюу туманга байланыштуу айдоочуларга этият болуу сунушталат

Коюу туманга байланыштуу айдоочуларга этият болуу сунушталат. Жол инспекторлору эскертишкендей, аба-ырайынын шарттарынан улам көрүү кескин начарлады. Андыктан, руль башкарууда ылдамдыкты жогорулатпай, каршы тилкеге чыкпастан, этият болуу керек.   Ал эми жөө жүрүүчүлөр жолдон тиешелүү жерден гана, жол чырактын жашыл түсүндө өтүшү зарыл.

Ташкентте Токаев менен Мирзиёев чек араны демаркациялоо келишимине кол коюшту

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ташкентке мамлекеттик сапар менен барган кезинде өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен орток чек араны демаркациялоо келишимине кол коюшту.   Эки өлкөнүн чек арасы 2 миң 300 чакырымдан ашат. Чек араны тактоо 2003-жылы башталган. Анын алдында чек арадагы Багыс айылы менен Арнасай… Кененирээк…

Нарын шаарында муктаж үй-бүлөлөргө отун таратылды

Нарын шаарында муктаж болгон 20 үй-бүлөгө отун таратылды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык жашылдандыруу ишканасы тарабынан Алма бак паркын санитардык тазалоо иштеринен улам өсүүсү токтогон жана кулоо коркунучу бар бактар кыйылып, муктаждарга бекер таратылды.   20 куб отун арыз менен кайрылган тургундарга бөлүнүп берилди.

Энергетиктер күнүнө карата эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлер сыйланды

Энергетиктер күнүнө карата эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, сыйлоо аземине Жогорку Кенештин депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, бир катар министрлер жана тармактын ардагерлери менен энергетиктер катышты.   Иш-чарада Министрлер Кабинетинин Ардак… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФА рейтингинде  94-орунга көтөрүлдү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФА рейтингинде  94-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг 22-декабрда жарыяланды. Буга чейин биздин команда 211 команданын арасынан 95-орунда турган.   Ал эми Азиялык футбол конфедерациясынын курамына кирген улуттук бирикмелер арасында команда   46 орундан 16-сапта жайгашат. ФИФАнын мыкты үчилтиги – Бразилия, Аргентина жана… Кененирээк…

Кыргызстанга жыл башынан бери дээрлик 30 миң жеңил унаа импорттолду

Кыргызстанга жыл башынан бери дээрлик 30 миң жеңил унаа импорттолду. Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 3 эсе көп.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, машинелердин көбү Грузиядан келди – 6,5 миң, андан кийинки орунда Корея турат, бул өлкөдөн Кыргызстанга 5 миң 700… Кененирээк…