ФИФА Дүйнөлүк чемпионаттын финалынан кийин оюн талаасына уруксаты жок чыккандарга чара көрөт

ФИФА Дүйнөлүк чемпионаттын финалынан кийин оюн талаасына уруксаты жок чыккандарга чара көрөт. Аргентина жана Франциянын беттешинен кийин түркиялык атактуу ашпозчу дароо талаага кирип, кубок менен сүрөткө түштү. Анын иш-аракеттери социалдык тармактарда резонанс жаратты, анткени эрежеге ылайык, талаага кирүү, анын үстүнө кубокко кол тийгизүү мүмкүнчүлүгү чектелген.… Кененирээк…

Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткендеги үйлөрдүн курулушу уланууда

Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткен облусундагы үйлөрдүн курулушу уланууда. Novosti.kgге президенттин аймактагы чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 418 турак жайдын курулушу жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, дээрлик бардык үйлөрдүн пайдубалы бүткөн. Сентябрдагы куралдуу кагылыштан Баткендеги айылдарда 700гө чукул үй-жай… Кененирээк…

“Каракол” аэропортунун жаңы бекетинин имаратын куруу иштери уланууда

“Каракол” аэропортунун жаңы бекетинин имаратын куруу иштери уланууда. Учурда аэробекеттин пайдубалын куюу боюнча иштер аткарылып бүттү, — дешти Novosti.kgге “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан. Алдыда аэродромдун элементтерин реконструкциялоо – анын ичинде учуу-конуу тилкесин 400 метрге узартуу жана жарык белги берүүчү жабдууларды орнотуу боюнча… Кененирээк…

Бишкектин окуучулары 28-декабрга чейин онлайн билим алышат

Бишкектин окуучулары 28-декабрга чейин онлайн билим алышат. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, буга ордо калаада сасык тумоого байланыштуу түзүлүп турган эпидемиологиялык кырдаал себеп болууда. Ал эми 29-30-декабрда мектеп окуучулары экинчи чейректин жыйынтыгы үчүн партасына кайтып келет. Өлкөнүн… Кененирээк…

Бишкектин Бакаев – Айни көчөлөр кесилишиндеги скверге өлкөнүн эл артисти Төлөгөн Томотоевдин ысымы ыйгарылат

Бишкектин Бакаев – Айни көчөлөр кесилишиндеги скверге өлкөнүн эл артисти Төлөгөн Томотоевдин ысымы ыйгарылат. Бишкек шаардык кеңештин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Эске салсак, сквер 1957-жылы түзүлүп, анын жалпы аянты 2,5 гектарды ээлейт. Анын ушул убакка чейин аталышы жок болчу. Төлөгөн Томотоев –… Кененирээк…

Кышкы кабыл алууда жогорку окуу жайларга 50 миңден ашык абитуриент тапшыра алат

Кышкы кабыл алууда жогорку окуу жайларга 50 миңден ашык абитуриент тапшыра алат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, кабыл алуу кампаниясын 49 университет жарыялады.   Алар кадимки окуу форматында 35 миң студентти жана аралыктан окутууга 15 миң студентти кабыл алат.   Биринчи… Кененирээк…

Кыргызстанда куткаруучулар кызматтын күчөтүлгөн режимине өттү

Кыргызстанда куткаруучулар кызматтын күчөтүлгөн режимине өттү. Жаңы жылдык майрамдарда кыргызстандыктардын коопсуздугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5 миңден ашык кызматкери камсыздайт.   Стратегиялык маанилүү объектилер, эл көп чогулган жерлер, ооруканалар, социалдык объектилер өзгөчө көзөмөлгө алынат.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык,  31-декабрда жана рождество майрамдарында адатта өрт… Кененирээк…

Кыргызстанда азык-түлүк жетишсиздиги болбойт

Кыргызстанда азык-түлүк жетишсиздиги болбойт. Буга Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ишендирүүдө. Анын айтымында, бул бардык биринчи кезекте зарыл болгон азыктарга тиешелүү.   Чиновник белгилегендей, быйыл импорт жеткирүүлөрү кыйла азайганына карабай, ички өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү менен балансты сактап калуу мүмкүн болду.   Ал эми азык-түлүктүн баасы… Кененирээк…

Кыргызстанда 3 миң 645 ишкер өкмөт тарабынан пайызсыз насыя алды

Каржы министрлиги тарабынан 3 645 ишкер пайызсыз насыя алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Аталган каражаттар өлкөдөгү 11 банк аркылуу үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрынан бери берилип жатат. Алар — «Айыл банк», РСК, «Керемет банк», «Халык банк», «Доскредобанк», «Азия банкы», «ФинансКредитБанк», «Капитал банк», «Кыргызкоммерцбанк», «Кыргыз-Швейцария банкы»… Кененирээк…

Жаңы жылдык майрам күндөрү Кыргызстандын жолдорунда масштабдуу рейддер жүргүзүлөт

Жаңы жылдык майрам күндөрү Кыргызстандын жолдорунда масштабдуу рейддер жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Айдоочуларды башкармалыктын адистештирилген ишканасынын кызматкерлери текшерет. Рейддер кайсы күндөрү жүргүзүлөрү так айтылган жок. Белгилеп кетсек, өлкөдө 1-8-январь жаңы жылдык эс алуу күндөрү деп жарыяланган.