Кыргызстанга жыл башынан бери дээрлик 30 миң жеңил унаа импорттолду

Кыргызстанга жыл башынан бери дээрлик 30 миң жеңил унаа импорттолду. Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 3 эсе көп.

 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, машинелердин көбү Грузиядан келди – 6,5 миң, андан кийинки орунда Корея турат, бул өлкөдөн Кыргызстанга 5 миң 700 унаа импорттолду.

 

Ал эми Россиядан 5 миң 600 машине жеткирилген. Өлкөгө келген транспорттун жалпы суммасы 345 миллион долларды түзөт. Кыргызстанга унаалар ошондой эле АКШдан, Япониядан жана Литвадан келет.