Красноярск аймагында абанын температурасы -73 градуска түштү

Красноярск аймагында Түндүк жарым шардын температурасынын рекорду жаңыланды. Бул тууралуу орус басылмалары жазды. Ессей айылында термометрлер 73 градуска чейин төмөндөгөн. Планетада мындай төмөн көрсөткүчтөр Антарктидада гана катталган. Росгидрометтин маалыматы боюнча, Якутия менен Иркутск облусунда, ошондой эле Уралда да аномалдуу суук күтүлүүдө.

Кыргызстанда орточо айлык акы дээрлик 26 миң сомду түздү

Кыргызстанда былтыркы жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен орточо айлык акы 25 миң 711 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Анын айтымында, 2021-жылдын январь-ноябрь айына салыштырмалуу өсүү 1,3 пайызды түздү. Айлык маданият, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, коргонуу,… Кененирээк…

Мектеп окуучуларынын райондук олимпиадасы кийинки жумада башталат

2022-2023-окуу жылындагы окуучулардын республикалык олимпиадасынын II (райондук) этабы 19-20-январда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Райондук этапка мектептик баскычта 1-2-3-орунду алган окуучулар катышат. Олимпиаданын райондук, облустук жана республикалык этаптарына тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлөт. Олимпиада күндөрү жер-жерлерде олимпиаданын… Кененирээк…

Бишкектин жолдоруна 100 тоннага жакын техникалык туз себилди

Бишкектин жолдоруна 100 тоннага жакын техникалык туз себилди. Мэриянын маалыматына ылайык, түнкүсүн шаардын көчөлөрүндө жол тейлөө башкармалыгынын 30 жумушчусу иштеп, 37 атайын техника тартылган. Эртең менен экинчи нөөмөткө 600дөн ашык тазалоочу жана 110 жүктөгүч чыгышты.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн жана эртең Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Аталган тилкелер менен жүрүүдө айдоочуларга этият болуп,… Кененирээк…

Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду

«Кумтөр» боюнча мурдагы президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, иш кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жабылды. Акаевге 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен… Кененирээк…

Быйыл ишкерлерди колдоого бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнөт

Быйыл ишкерлерди колдоого бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда ишкерлер 1 миллиондон 3 миллион сомго чейин пайызсыз насыяларды алууда. Жалпы төрт миңден ашуун ишкерге үстөксүз кредит берилди. Кошумчаласак, 2022-жылы Каржы министрлиги чакан жана орто ишкерликти колдоо долбоорлору үчүн… Кененирээк…

Кара-Балтада ун, кумшекер, май арзандатылган баада сатылат

Кара-Балтада ун, кумшекер, май арзандатылган баада сатылат. Акция 15-январь күнү мал базардын аймагында болорун шаардык мэриядан билдиришти. Жарманке жарандарды жана калктын социалдык аялуу катмарын колдоо максатында уюштурулууда. Алсак, ундун 1 килограммы 32 сом, кумшекер 75 сом, Россияда өндүрүлгөн өсүмдүк майынын 1 литри 110 сомдон сатылат… Кененирээк…

Спорт менен алектенүүдө эң ылайыктуу музыка аталды

Бир калыптагы ритмде мажор музыкада спорт менен алектенүү маанайды көтөрүп, булчуңдардын кычкылтектин керектелүүсүн азайтат. Адистердин айтымында, музыкалык ритм мээнин активдүүлүгүнө, кан басымына, психоэмоционалдык абалга жана булчуңдардын тонусуна таасир этет. Ошол эле учурда машыгуу учурунда музыканын айрым түрлөрү кооптуу болушу мүмкүн. Алсак, ыкчам ритмдеги агрессивдүү катуу… Кененирээк…

Бен Аффлектин ресторанда иштеп жатканы Интернетке тарады

Голливуд актёру Бен Аффлектин ресторанда иштеп жатканы Интернетке тарады. Сүрөттө анын пончик сатып атканын көрүүгө болот. Бендин жанында жубайы, ырчы жана актриса Дженнифер Лопес да болгон. Көрсө, актёр АКШнын Улуттук футбол лигасынын чемпионатынын жылдык финалдык оюну үчүн жарнамага тартылып жатыптыр. Белгилүү болгондой, Бен Аффлек пончиктердин… Кененирээк…