Бен Аффлектин ресторанда иштеп жатканы Интернетке тарады

Голливуд актёру Бен Аффлектин ресторанда иштеп жатканы Интернетке тарады.

Сүрөттө анын пончик сатып атканын көрүүгө болот.

Бендин жанында жубайы, ырчы жана актриса Дженнифер Лопес да болгон.

Көрсө, актёр АКШнын Улуттук футбол лигасынын чемпионатынын жылдык финалдык оюну үчүн жарнамага тартылып жатыптыр.

Белгилүү болгондой, Бен Аффлек пончиктердин чоң күйөрманы.

Фотожурналисттер аны таттуу кутучалар менен көп сүрөткө тартышат.