Ош – Сарыташ – Иркештам жолундагы кар тазаланды

Ош – Сарыташ – Иркештам жолундагы кар тазаланды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган жолдун 162-182-чакырым бөлүгүндө жолду кардан тазалоо, кеңейтүү жана каттам ачуу иштери жүргүзүлдү.

Тез тамактануучу жайга келген киши заказдын ордуна акчага ээ болгон

АКШда тез тамактануучу ресторанга келген киши сэндвич буйрутма кылып, бирок анын ордуна 5 миң долларга ээ болгон. Кардар тамактануучу жайга кайтып келип, кызматкерлерден акчаны адалдоого катыштыгы бар-жогун тамашалап сураган. Иштин чоо-жайын түшүндүргөн соң, каражат баштыкка кокустан салынып калганы аныкталган. Кардар акчаны кайтарып бергенине ыраазы болгон… Кененирээк…

Быйыл “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында конок үйлөр курулат

Быйыл “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында конок үйлөр курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди. Ал эске салгандай, өткөн жылы аталган парктын жолу оңдолуп, жарыктандыруу иштери аягына чыгарылган. Алдыда “Ала-Арчада” жылдын төрт мезгилинде тең туристтерди тосуп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү белгиленди.

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда социалдык шаарча пайда болот

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда социалдык шаарча пайда болот. Мэрия билдиргендей, учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Бардыгы болуп аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 30 турак жай жана амбулатордук пункт куруу пландалууда. Бул иш кайрымдуулук фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө.

ЖКда унааларды милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтүн жылдыруу сунушталды

Жогорку Кеңеште унааларды милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтүн жылдыруу сунушталды. Айрым депутаттар эки айдын ичинде айдоочулар машинелерин камсыздандырып жетишпей турганын айтты. Кээ бир эл өкүлдөрү каттоо процесси татаал экенин билдирди. Мындан улам парламентте тиешелүү мыйзамды кийинки жылга жылдыруу сунушу көтөрүлдү. Кыргызстанда 1-январдан тарта айдоочуларды камсыздандыруу полисин алууга… Кененирээк…

Кумтөр боюнча депутаттык комиссияга Арсланбек Малиев төрага болду

Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Арсланбек Малиев шайланды. Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйынында анын талапкерлиги каралып, 64 депутат макулдугун берди. «Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссия 29-сентябрда түзүлгөн. Андан бир айдан… Кененирээк…

Талас: жемкорлукка шектелген айыл өкмөт башчысы менен ишкер 1 айга камалды

Таласта жемкорлукка шектелип кармалган Бекмолдо айыл аймагынын башчысы менен «Календер-Курулуш» ишканасынын жетекчиси 25-февралга чейин камалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талас облустук сотунун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бекмолдо айыл аймагынын башчысы жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга бюджеттен бөлүнгөн акчаны «кымырып алган»… Кененирээк…

Майыптарды реабилитациялоо борборуна жаңы жетекчи дайындалды

Таарынбү Абдыкадырова Майыптарды реаблитациялоо борборунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү буйругунун негизинде дайындалды.

Каракол мэриясы 4,4 млн сомго суу ташуучу техника сатып алды

Каракол шаардык мэриясына жаңы суу ташуучу атайын техника сатылып алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти. Техниканын тендердик баасы 4 млн 462 миң 480 сомду түздү. “Суу ташуучу унаа Каракол шаарынын “Жашылдандыруу чарбасына” берилет. Буга чейин ишканада мындай техниканын жоктугунан бак-дарактарды, гүлдөрдү, газондорду суугарууда… Кененирээк…