Сириядан кыргызстандык балдар жана аялдар алып келинди

Кыргызстанга Сириядан 41 бала жана 18 аял алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Кыргызстандын жарандары аталган мамлекеттин чыр-чатак болуп жаткан аймагынан жеткирилди. Аларды УКМК жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү коштоп келген. Мындан тышкары, Бириккен Улуттар Уюму жана эл аралык комитет… Кененирээк…

Быйылкы айдап-себүүдө күйүүчү майга тартыштык болбойт

Быйылкы айдап-себүүдө күйүүчү майга тартыштык болбойт. Буга айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ишендирүүдө. Маалыматка ылайык, өлкөдө 42 миң тоннадан ашык дизелдик күйүүчү май бар. Кыргызстанда 100 пайыз бензин да, дизелдик отун дагы жетиштүү. Бул боюнча көйгөй жаралбайт, — деди министр. Расмий маалыматка ылайык, республикада күйүүчү… Кененирээк…

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 26 млн сомдон ашык чогулду

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 26 миллион сомдон ашык чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат. Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Кыргызстандагы авариялык мектептер үч жылдын ичинде курулуп бүтөт

Кыргызстандагы авариялык мектептер үч жылдын ичинде курулуп бүтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл курулушу 50 пайыздан ашкан мектеп жана бала бакчалар бүткөрүлөт. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда авариялык абалдагы 300дөн ашык мектеп бар.

Жаздын биринчи айы жылуу болот

Жаздын биринчи айы жылуу болот. Кыргызгидромет март айына карата  аба-ырайынын божомолун таратты. Ага ылайык, өлкөнүн басымдуу аймактарында абанын айлык орточо температурасы нормадан 1,5 градуска жогору болсо, жаан-чачын нормага жакын болот.   Республиканын түштүгүндө аба табы 25 градуска чейин көтөрүлсө, түндүк облустарда 8…13төн 19…24 градуска чейин… Кененирээк…

Бишкектиктерди линияларга күч келген учурда электр энергиясын колдонууга киргизилген чектөөлөрдүн сакталышына текшерип башташты

Бишкектиктерди линияларга күч келген учурда электр энергиясын колдонууга киргизилген чектөөлөрдүн сакталышына текшерип башташты. Бул тууралуу ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришти.   Уюмдан эске салышкандай, эртең мененки саат 8ден 9га чейин жана кечки 6дан 9га чейин ашыра жүк келүү катталгандыктан, бул сааттарда электр жылыткычтарды жана… Кененирээк…

Кыргызстанда жакынкы 3 жылда жаңы мектептердин курулушу пландалбайт

Кыргызстанда жакынкы 3 жылда жаңы мектептердин курулушу пландалбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш отурумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады. Анын айтымында, бийлик биринчи кезекте башталган курулуштарды аягына чыгаруу ниетинде.   Учурга карата 546 бүтө элек объект бар. Аларды куруп бүтүп, авариялык мектептерди калыбына келтирүү керек.… Кененирээк…

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга дээрлик 26 миллион сом чогулду

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга дээрлик 26 миллион сом чогулду.   Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат.   Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Элвис Преслинин эски учагы аукциондо 260 миң долларга сатылды

Элвис Преслинин эски учагы аукциондо 260 миң долларга сатылды.   Рок-н-ролл жылдызынын самолету Нью-Мексико чөлүндө 40 жыл бою турган. Музыканттын 88 жылдыгына карата аны сатыкка чыгаруу чечими кабыл алынган.   Күн алдында көп жыл турган учактын эскилиги жеткени менен, ички салону ошол бойдон. Отургучтар кызыл… Кененирээк…

Кыргызстандын бардык облустарында мартта Материалдык резервдер фондунун сактоочу жайларынын курулушу башталат

Кыргызстандын бардык облустарында мартта Материалдык резервдер фондунун сактоочу жайларынын курулушу башталат. Учурда 3 объектинин курулушуна даярдык иштери жүрүүдө.   Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен процессти тездетүүнү тапшырды. Чиновник ишендиргендей, курулушка зарыл каражат өз убагында бөлүнөт.