Элвис Преслинин эски учагы аукциондо 260 миң долларга сатылды

Элвис Преслинин эски учагы аукциондо 260 миң долларга сатылды.

 

Рок-н-ролл жылдызынын самолету Нью-Мексико чөлүндө 40 жыл бою турган. Музыканттын 88 жылдыгына карата аны сатыкка чыгаруу чечими кабыл алынган.

 

Күн алдында көп жыл турган учактын эскилиги жеткени менен, ички салону ошол бойдон. Отургучтар кызыл баркыт кездеме менен капталып, салон алтын жалатылган.