Жалгыз бой адамдар үчүн АКШдагы эң кымбат шаар аталды

Нью-Йорк батирди ижарага жалгыз алгандар үчүн АКШнын эң кымбат шаары аталды. Бул жерде жалгыз жашагандар жубайларга караганда жылына 19 миң 500 долларга көбүрөөк төлөшөт. Рейтингдин экинчи сабын Сан-Франциско ээледи, анда жашоо үчүн салык катары 14 миң төлөөгө туура келет. Тизменин үчүнчү сабында 12 миң долларлык… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстандагы жол тармагына 14,5 миллиард сом бөлүнөт

Быйыл Кыргызстандагы жол тармагына 14,5 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен: — учурдагы бюджеттен – 2,3 млрд сом; — мамлекеттик инвестициялар – 12,1 млрд сом каралат.

“Достук” өткөрмө бекетинде электрондук кезек системасы киргизилиши мүмкүн

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде электрондук кезек системасы киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Пилоттук долбоор ишке ашса, тараптар чек арада электрондук кезек киргизген Борбор Азиядагы биринчи өлкөлөр болуп калат. Белгилеп кетсек, Ош облусундагы «Достук» чек ара бекетинде жөө жүргүнчүлөрдүн узун кезеги көп… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай абал 22-февралга чейин сакталат. Кар көчкү өлкөнүн негизги ашууларында түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп,муз тоңот. Мындан улам, унаалар ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 50 миллион сомдон ашык чогулду

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 50 миллион сомдон ашык чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат. Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Токтогулдагы суунун көлөмү 8,4 млрд куб метрге чейин азайды

Токтогулдагы суунун көлөмү 8 миллиард 433 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 146 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 600 куб метр болууда. Энергетиктер элди электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Денис Петрашов АКШдагы чемпионатта рекорд жаратты

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШдагы чемпионатта рекорд койду. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынан билдиришти. Петрашов брасс түрү менен 200 метр аралыкты 1:50:51 секундда сүзүп, алтын медалга татыды. Буга чейин спортчу экинчи орунга илинген.

Кыргызстандыктар 23-февралда эс алышат

Кыргызстандыктар 23-февралда эс алышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 22-февралдагы иш күнү кыскартылат. Ошондой эле жумасына беш күн иштегендер 25-февралда 4-январдагы эс алуунун эсебинен иштешет. Эске салсак, 2003-жылдан бери Кыргызстанда 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү катары белгиленип, расмий дем алыш деп жарыяланган.

Бүгүн Жалал-Абаддын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 20-февралда Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин калаанын Пахта, Э.Осмонов, Э. Жуманазаров, Ленин көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт. Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Эртең Бишкектин эки конушунда суу берүү токтотулат

Эртең, 21-февралда Бишкек шаарынын эки конушунда суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-февралда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Мурас-Ордо конушунда, саат 09:00дөн 15:00гө чейин Калыс-Ордо конушунда суу өчүрүлөт. Бул күнү турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана… Кененирээк…