Нью-Йорк батирди ижарага жалгыз алгандар үчүн АКШнын эң кымбат шаары аталды.
Бул жерде жалгыз жашагандар жубайларга караганда жылына 19 миң 500 долларга көбүрөөк төлөшөт.
Рейтингдин экинчи сабын Сан-Франциско ээледи, анда жашоо үчүн салык катары 14 миң төлөөгө туура келет.
Тизменин үчүнчү сабында 12 миң долларлык көрсөткүч менен Сан-Хосе жайгашкан.
Америкалык аналитиктер жалгыз жашоонун жакшы жагы катары адамда толук эркиндик болорун белгилешет.
Бирок, бул үчүн көбүрөөк төлөөгө туура келет.