ӨКМдин издөө-куткаруу тобу Түркиядан кайтууга даярданышууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу тобу Түркиядан кайтууга даярданышууда. Бул тууралуу аталган мамлекеттеги Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев билдирди. Кыргызстандыктар издөө иштеринин алкагында урандылардын астынан жалпысынан 8 адамды аман алып чыгышты. Куткаруучулардын мекенге жөнөтүлүшү боюнча чечим Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги тарабынан бүгүн кабыл… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштер уланууда

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоого байланыштуу жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Өзбекстандын Фергана шаарында өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун мындан ары бекитүүгө даярдашты. Ошондой эле чек аранын… Кененирээк…

Жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Өлкөдө жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, минералдык жер семирткичтерди Кыргызстандан Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөргө ташып чыгууга болбойт. Мындай чектөө алты ай күчүндө болот.

Кыргызстанда 1-марттан тарта ККМдин эски үлгүлөрү колдонуудан алынат

Кыргызстанда 1-марттан тарта ККМдин эски үлгүлөрү колдонуудан алынат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, фискалдык модуль менен иштебеген көзөмөл-кассалык аппараттар 28-февралдан баштап мажбурлоо тартибинде өчүрүлөт. ККМ колдонуудан чыгарылса, кассалык чек берүү аркылуу калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүн болбой калат. Бул кийин административдик жоопкерчиликке… Кененирээк…

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар кыргыз боз үйлөрүнө жайгаштырыла баштады

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар кыргыз боз үйлөрүнө жайгаштырыла баштады. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазышкандай, алар аталган мамлекеттин Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги координациялаган тизме менен киргизилет. Эске салсак, зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарындагы стадиондорунун бирине Кыргызстандан жөнөтүлгөн жүздөгөн боз үй тигилген.

Кыргызстандын аймактарында өзгөчө кырдаал режими күчүндө

Аба ырайынын шарттарына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна, Таластын Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылына жана Нарында жарыяланган өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Расмий маалыматка караганда, Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кировка жана Красная-Горка — Ак-Тaш унаа жолуна ири кар көчкү түшкөн. Каныш-Kыя, Чaткaл, Tepeк-Caй aйыл aймaктарында кар массалары… Кененирээк…

Ажылык үчүн электрондук каттоо бүгүн башталат

Быйыл ажылыкка барууну каалагандар бүгүнтөн тарта электрондук тизмеге каттала алат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, талапкерлерди каттоо ID-картанын негизинде 6-мартка чейин жүргүзүлөт. Ажыга барууну каалагандар 1 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң сомду төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга… Кененирээк…