Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого ЕРӨБ 13,8 млн евро бөлөт

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы дээрлик 14 миллион евро бөлөт. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тиешелүү келишимге кол коюлду. Макулдашууга ылайык, Лебединовка гидроэлектростанциясын реабилитациялоонун 5 миллион евросу грант болот. Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясын өндүрүүнү жылына 56 пайызга көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Ош-Ноокат-Баткен жолун оңдоо расмий башталды

Ош-Ноокат-Баткен жолун оңдоо расмий башталды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, трассанын жалпы узундугу 392 чакырымды түзөт жана буга чейин 345 чакырымы оңдолгон. Долбоорго Дүйнөлүк банктан, Ислам өнүктүрүү банкынан, Европа Биримдиги, Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы, Япония уюмунан жана Кытайдан… Кененирээк…