АКШ Кыргызстандын жарандарына виза алуу убактысын азайтты

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери АКШга виза алууга кеткен убакытты эки жылдан 60 күнгө азайтуу чечими кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу элчи 3-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолукканда айткан.   Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 28-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында… Кененирээк…

Кыргызстандык эки балбан Болгариядагы мелдеште алтын медаль алды

Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Болгарияда өткөн рейтингдик эл аралык мелдеште алтын медаль утушту. 5-мартта финалдык беттеште Акжол Махмудов армениялык Малхас Амоянды, ал эми Жоламан Шаршенбеков польшалык Михал Трачты жеңди. Бул 2023-жылы кыргыз балбандары катышкан ири мелдештердин алгачкысы.

Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абад облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 5-мартта саат 19:52 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Аксы районунун Кашка-Суу, Жаңы-Айыл айылдарында 3 балл, Кербен шаарында жана Ак-Там айылында… Кененирээк…

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, Жогорку Кеңеш Каныбек Иманалиевди 1-мартта билим берүү жана илим министри кылып дайындоого макулдук берген. Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Адистиги боюнча журналист, экинчи адистиги – саясат… Кененирээк…

Эртең Бишкектин үч конушунда таза суу жок болот

Эртең Бишкектин үч конушунда таза суу жок болот. Муниципалитеттен билдиришкендей 7-мартта эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында суу берүү токтотулат. Убактылуу өчүрүү «Энесай» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу. Мындан улам жарандар жана мекеме-уюмдар ичүүчү сууну… Кененирээк…

Кыргызстанда алдыдагы иш жумасы 8-март майрам экенине карабай беш күнгө созулат

Кыргызстанда алдыдагы иш жумасы 8-март майрам экенине карабай беш күнгө созулат. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар 11-март, ишемби күнү 5-январдагы эс алуунун ордуна жумушка чыгат.

Бишкек-Самара поезди өз багыты боюнча жүрө баштады

Бишкек-Самара поезди өз багыты боюнча жүрө баштады. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Эске салсак, 5-мартта эртең менен Казакстандын Актөбө облусунда Бишкек-Самара багытындагы жүргүнчү ташыган поезд менен тепловоз кагышкан. Поездде 200дөн ашык адам отурган, алар Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын жарандары болгон. Кагылышууда эч… Кененирээк…

Таластын губернатору алмашты

Таластын губернатору алмашты. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Нурлан Дарданов дайындады. Ал эми 2021-жылдын март айынан бери бул кызматта иштеп келген Бактыбек Нарбеков башка ишке өткөнүнө байланыштуу жумуштан алынганы айтылды. Дарданов Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарында жана Башкы прокуратурада жетекчилик кызматтарда иштеген. Соңку эки… Кененирээк…

Кыргызстанда пиязды экспорттоого чектөө алынды

Кыргызстанда пиязды экспорттоого чектөө алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Тиешелүү токтом 3-марттан тарта күчүнө кирди. Документ жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Эске салсак, пиязды сыртка чыгарууга тыюу 31-январдан тарта үч айга салынган. Мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз… Кененирээк…

Рухий-Мурас конушуна газ берүү убактылуу токтотулат

Рухий-Мурас конушуна газ берүү убактылуу токтотулат. «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришкендей, аталган конушта көгүлтүр от бүгүн жана эртең жок болот. Мындай чектөө «Кырман» жаңы конушун бирдиктүү газ тармагына кошуу иштерине байланыштуу. Тагыраагы, 667 турак жай газдаштырылат.