Ош-Ноокат-Баткен жолун оңдоо расмий башталды

Ош-Ноокат-Баткен жолун оңдоо расмий башталды.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, трассанын жалпы узундугу 392 чакырымды түзөт жана буга чейин 345 чакырымы оңдолгон.

Долбоорго Дүйнөлүк банктан, Ислам өнүктүрүү банкынан, Европа Биримдиги, Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы, Япония уюмунан жана Кытайдан каражат алынган.