Караколдогу музыкалык драма театры толук оңдолот

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театры толук оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн облус жетекчиси Илияз Иманбетов жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов имаратка баш багып, абалын көрүп чыгышты. Жетекчилер… Кененирээк…

Францияда китептин жытын жакшы көргөндөр үчүн атыр чыгарылды

Францияда китептин жытын жакшы көргөндөр үчүн атыр чыгарылды.   Анда кагаздын, сыянын, мускустун жана кунжуттун жыпар жытын сезсе болот. Атырдын баасы 125 доллардан башталат. Адистер адамдардын көбү жаңы китептин, эски гезиттердин жытын жактырганын байкашкан.

“Түндүк” уюлдук тиркемесинде дагы бир документтин санариптик форматы жеткиликтүү – туулгандыгы тууралуу күбөлүк

“Түндүк” уюлдук тиркемесинде дагы бир документтин санариптик форматы жеткиликтүү – туулгандыгы тууралуу күбөлүк. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.   Анын айтымында, 30-декабрдан тарта өлкө аймагында документтердин санариптик форматы юридикалык күчүнө кирди. Тизмеге паспорт, айдоочу күбөлүгү жана транспорт каражатын каттоо күбөлүгү киргизилген.  … Кененирээк…

Жалал-Абад шаарына 10 электробус сатып алынат

Жалал-Абад шаарына 10 электробус сатып алынат. Тиешелүү тендерди мэрия жарыялаганын Мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсө болот. Ага ылайык, автобустардын узундугу 8 метрден кем эмес болуп, 50 жүргүнчүнү батыра алышы керек.   Ал эми отургучтардын саны 17 деп көрсөтүлгөн. Электробустарды сатып алууга мэриядан 100 миллион сом… Кененирээк…

Токтогул сактагычына суу толуп баштады

Токтогул сактагычына суу толуп баштады. “Электр станциялары” компаниясынын маалыматына ылайык, күн жылып, жылуулук сезону жыйынтыкталгандыктан, башкы резервуарга нымдуулук көбүрөөк толуп жатат.   Учурга карата секундасына 233 кубометр суу келип жатса, чыгышы 145 кубга барабар. Учурга карата Токтогул суу сактагычында жалпысынан 7 миллиард  900 миллион куб… Кененирээк…

Дүрбүлөрдү даярдай бериңиз – бүгүн түндө асманда дароо 5 планетаны көрсө болот

Дүрбүлөрдү даярдай бериңиз – бүгүн түндө асманда дароо 5 планетаны көрсө болот. Меркурий, Юпитер, Марс, Венера жана Уран бир катарга тизилет.   Марс Айдын сол тарабында жайгашат. Мисалы, Венера менен Марс атайын линза же дүрбүсү жок эле даана көрүнөт. Уран Венеранын жогорку тарабында жайгашканы менен,… Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары Бишкек – Ош, Каракол – Эңилчек жана Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.   Мындай коркунуч бүгүн жана эртең сакталат. Аталган трассалар менен сапарга чыга турган айдоочуларга этият болуп,… Кененирээк…

Мектептерде жана бала бакчаларда педагогикалык чеберчилик борборлору пайда болот

Мектептерде жана бала бакчаларда педагогикалык чеберчилик борборлору пайда болот. Тиешелүү буйрукка Билим берүү министри Каныбек Иманалиев кол койду. Документке ылайык, мектептер жана бала бакчалар өз каражатына ресурстук борборлорду түзүшү керек.   Жаңычылдык тажрыйба топтоо, билим берүү сапатын жакшыртуу жана мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга багытталат.

Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда электрондук добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу токтотулду

Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда электрондук добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу токтотулду. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Учурда комиссия жаңы формат менен добуш бере тургандардын тизмесин тактап жатат.   Электрондук добуш берүү менен айыл аймактын каттоосунда турган, бирок шайлоо күнү тилкеге келе албаган жарандар колдоно алат.   Эске… Кененирээк…

Америкалык Forbes басылмасы миллиардерлердин рейтингин жаңыртты

Америкалык Forbes басылмасы миллиардерлердин рейтингин жаңыртты. Ага ылайык, рэп аткаруучу жана продюсер Джей Зи дүйнөдөгү эң бай музыкант аталды. Анын байлыгы 2,5 миллиард долларга теңелет.   А бирок жалпы тизмеде ал болгону  1 миң 203-орунду ээлейт. Ал эми музыканттардын арасынан Джей Зи ишенимдүү түрдө сэр… Кененирээк…