Бүгүн өлкө мектептеринде 4-чейрек башталды

Бүгүн өлкө мектептеринде 4-чейрек башталды.   Билим берүү министрлигинен эскертишкендей, окуу календарына ылайык, ал 24-майга чейин уланат. 25-майда салттуу түрдө мектептерде акыркы коңгуроо кагылат.   Андан кийин 9-11-класстын окуучулары мамлекеттик экзамендерге даярданат. Эске салсак, кышкы каникулдар катуу сууктан улам узартылгандыктан, окуучулардын жазгы эс алуусу 20-марттан… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Кытайдын Сиань шаарына аба каттамдардын саны көбөйтүлөт

Бүгүнтөн тарта Кытайдын Сиань шаарына аба каттамдардын саны көбөйтүлөт. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, 27-марттан баштап кытайлык авиакомпания тарабынан Сиань-Бишкек-Сиань каттамы жумасына 2 ирет – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.   Учуу убактысы 4 жарым саатты түзөт. Эске салсак, аталган багыт 11-февралда ачылып, жекшемби күндөрү… Кененирээк…

Орто-Токой кичи ГЭСинин курулушуна 36 миллион доллар багытталат

Орто-Токой кичи ГЭСинин курулушуна 36 миллион доллар багытталат. Бул тууралуу “Чакан ГЭС” ишканасынан билдиришти. Белгилеп кетсек, станцияны Кыргызстан менен Кытай биргеликте курмай болду.   Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы кубаттулугу 21 мегаватты  түзгөн үч гидроагрегаттуу станция өлкөнүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС… Кененирээк…

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө 30-мартта суу өчүрүлөт

Борбор калаанын айрым аймактарында 30-март күнү саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак үйлөрдө, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык объектилерде таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэрия кабарлады. Суу жок болчу көчөлөр: Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская, Ала-Арча дарыясынын аймагы, Жибек Жолу проспекти, Жаш… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында жаңы эс алуу багы ачылат

Жалал-Абад шаарында жаңы эс алуу багы ачылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Шаардын Ленин көчөсүндөгү таштанды баскан 8 миң чарчы метрлик жер реконструкцияланып, сквер түзүлөт.   Бул жерде фонтан, тротуарлар курулуп, отургучтар жана тышкы жарыктандыруу системасы орнотулат.

Орозо кармаган адамдарга эмдөөдөн өтүүгө болот

Орозо кармаган адамдарга эмдөөдөн өтүүгө болот.   Андан орозо бузулбайт жана ооз ачылып калбайт. Бул тууралуу Мусулмандарынын дин башкармалыгына шилтеме келтирип Республикалык штабдан билдиришти.   Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын өтө оор формасына чалдыгып, орозо кармаганга дарамети жетпесе, анда ал адамга орозо кармабаганга уруксат берилет. Адам… Кененирээк…

Кыргызстанда декларация тапшырууга 1 жума калды

Кыргызстанда декларация тапшырууга 1 жума калды.   Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар салык декларациясын тапшырышы шарт.   Ал эми 1-майга чейин салык… Кененирээк…

Өлкөдө күн, шамал жана башка энергиянын кайра жаралуучу булактары үчүн жеңилдетилген шарт түзүлөт

Өлкөдө күн, шамал жана башка энергиянын кайра жаралуучу булактары үчүн жеңилдетилген шарт түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, тишелеүү станцияларды курууга жерлерди мөөнөтсүз пайдаланууга берүү каралган. Андан тышкары, жер участокторун берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби боюнча ченемдик укуктук актылар иштелип чыгат.  … Кененирээк…

Бишкек мэриясы келерки 15-20 жылга жаңы башкы план иштеп чыгат

Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен борбор калаанын архитектуралык жаңы башкы планын иштеп чыгуу үчүн техникалык тапшырмаларды даярдоо боюнча жумушчу топ түзүлдү.   Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Жаңы башкы план келерки 15-20 жылга шаардын көрүнүшү жана инфраструктурасы кандай болорун аныктайт. Башкы планды иштеп… Кененирээк…

Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан товарларды сатуу жеңилдеди

Ири шаарлардагы соода түйүндөрүндө жергиликтүү өндүрүштөн чыккан товарларды сатуу жеңилдеди. Буга «Ички соода жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы негиз бергенин Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы маалымдады. 15-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан азык-түлүктөр үчүн соода түйүнүнө бонус катары төлөнчү акы жокко чыгарылды.… Кененирээк…