Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду
Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчынын орун басары Жасур Азимов менен мэрдин кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров ээлеген кызматынан бошотулушту. Тиешелүү буйруктарга шаар мэри Бакытбек Жетигенов кол койду. Маалыматка ылайык, алар берген арыздарынын негизинде иштен бошотулулган.