Ноокат районунда “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бөлүмү ачылды

Ноокат районунда “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бөлүмү ачылды. Ведомство маалыматына ылайык, ал Кайрагач айылында жайгашып, анын кызматтары Ноокат районунун бардык тургундарына жеткиликтүү болот.   Филиал бир жума мурда тесттик режимде ачылып, 150 транспорт каражаты каттоодон өттү. Андан тышкары, жакынкы арада Ош облусунда “Унаа” мекемесинин дагы 2… Кененирээк…

Бишкектен Сеул шаарына алгачкы каттам 11-июнга белгиленди

Бишкектен Сеул шаарына алгачкы каттам 11-июнга белгиленди. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма-с кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттамды кореялык авиакомпания аптасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарат.   Белгилеп кетсек, Түштүк Кореянын борборуна Бишкектен туруктуу аба каттамдары биринчи ирет кое берилет.

Ош облусундагы Араван – Ак-Буура каналын модернизациялоого Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы 17 миллион 870 миң евро бөлүп берет

Ош облусундагы Араван – Ак-Буура каналын модернизациялоого Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы 17 миллион 870 миң евро бөлүп берет. Тиешелүү макулдашуунун ратификациясы бүгүн Жогорку Кеңеште экинчи окууда жактырылды.   Сумманын 14 миллиону 15 жылга насыя катары берилсе, калганы кайтарымсыз негизде тапшырылат.   Долбоорду ишке… Кененирээк…

Ат-Башы ГЭСин жаңылоо иштери аяктады

Ат-Башы ГЭСин жаңылоо иштери аяктады.   Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров станциянын ачылыш аземинде билдиргендей, реконструкциялоонун негизинде ГЭСтин кубаттуулугу 40 мегаваттан 45,7 мегаваттка чейин жогорулайт.   Ал эми анын иштөө мөөнөтү 40 жылга чейин эсептелип, аймакты электр энергиясы менен туруктуу камсыздоого шарт түзүлөт. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды

Кыргызстанда салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды.   Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 1-майга чейин жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар, эл аралык уюмдардагы ишинен… Кененирээк…

ОшМУнун реабилитациялоо борборунун курулушу башталды

Ош мамлекеттик университетинин “Ак-Буура” эс алуу жана реабилитациялоо борборунун курулушу башталды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.   «Борбор 2 кабаттан турат, 1-кабатында дарылоочу, ден соолукту калыбына келтирүүчү, эс алуучу бөлмөлөр, 2-кабатында жайкы, кышкы лагерлерге ылайыкташкан заманбап конференц-залдар болот. Борбордун сыртында бассейн, кичи футбол аянтчалары,… Кененирээк…

Италия дүйнөдө биринчилерден болуп ChatGPT ботун колдонууга тыюу салды

Италия дүйнөдө биринчилерден болуп ChatGPT ботун колдонууга тыюу салды.   Мындай чечим жеке маалыматтарды коргоо улуттук башкармалыгынын сайтына жарыяланды. Анда бул жасалма интеллекти иштеп чыккан жана башкарган компания италиялык колдонуучулар тууралуу маалымат алышы, иштеп чыгышы убактылуу токтотулары жазылган.   Ошондой эле, мекеме компанияда жеке маалыматтардын… Кененирээк…

Ошто түнкүсүн жарамазан айткан балдардын ата-энелерине айып салынды

Ошто түнкүсүн жарамазан айтып акча тапкан балдардын ата-энелерине айып пул салынды. Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, түштүк борбордо бир түндө эле кароосуз жүргөн 116 өспүрүм аныкталган.   Белгилеп кетсек, мыйзам боюнча жашы жете электерге түнкү саат 10дон таңкы 6га чейин ата-энелеринин коштоосу жок коомдук… Кененирээк…

№47 колониянын ордуна курула турган үйдүн чарчы метри 550 доллардан ашпайт

Бишкектеги №47 колониянын ордуна курула турган турак жайдын бир чарчы метри 550 доллардан ашпайт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөнова билдирди.   Анын айтымында, батирлер толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, ачкычы менен кошо сатылат. Бул жерде дээрлик 9 гектар аянтка 11 турак жай же 5… Кененирээк…

Таластагы тигүү цехке 112 миллион сом сарпталат

Таласта 1 миң адамды жумуш менен камсыздай турган тигүү фабрикасынын курулушу башталды.   Novosti.kgге жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, курулуш облусту өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда. Ага жалпысынан 112 миллион сом сарпталат.   Фабрика 2024-2025-жылдары ишке берилет деп күтүлүүдө.