Ноокатта аз камсыз болгон 327 үй-бүлө жеке ишкердик баштоого мүмкүнчүлүк алды

Ноокат районунда аз камсыз болгон 327 жаранга 100 миң сомдук сердификаттарды тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бул аракеттер президент Садыр Жапаровдун жарлыгын аткаруу максатында райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан «Социалдык контракт» долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

 

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова, Ноокат райндук мамлекеттик админстрациясынын башчысы Данияр Иманалиев катышты.