ПСЖ Килиан Мбаппени кое берүүдөн баш тартууда

ПСЖ Килиан Мбаппени кое берүүдөн баш тартууда. “Мундо Депортиво” жазгандай, клуб бул сезондогу ийгиликсиз оюндарынан кийин курамды бир аз өзгөртүүнү пландап жатат.

 

Бирок Мбаппе мурдагыдай эле команданын башкы оюнчусу болуп кала берет. Жетекчилик Килиандын трансфери тууралуу ойлонбойт.

 

Эске салсак, өткөн жылдын аягында Мпаббе ПСЖдан кеткиси келип жатканы айтылган. Форвард Франциядан кетип, башка күчтүү лигага кошулгусу келет.