БШК Ленин районунан депутат болууга камданган 32 талапкерди каттады

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого 32 талапкер катталды. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, алардын 27си эркек, бешөө аял.   Белгилеп кетсек, жалпысынан аталган аймак боюнча шайлоого катышууга 49 жаран ниетин билдирип, бирок анын 11и кайра баш тарткан. Ал эми зарыл… Кененирээк…

Эң арзан турак жайдын курулушу Баткенде катталды

Кыргызстанда жылдын биринчи кварталында жалпы аянты дээрлик 205 миң чарчы метрди түзгөн 1 миң 804 жеке турак жай курулду. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.   Пайдаланууга берилген турак жайлардын негизги үлүшү, тагыраагы 80 пайызга жакыны Жалал-Абад, Ош, Чүй, Ысык-Көл жана Баткен облустарына туура келет.… Кененирээк…

Токтогулдагы мектеп 52 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Токтогулдагы мектеп 52 миллион сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.   Жалал-Абад облустук курулуш башкармалыгы оңдоо иштерине тендер жарыялады. Ага ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу орто мектеп толук ремонттолушу керек.

Евробиримдик Кыргызстанга жалпы суммасы 11 млн долларлык эки грант бөлөт

Быйыл Евробиримдик Кыргызстанга жалпы суммасы 11 миллион долларлык эки грант бөлөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.   Анын ичинен 3,3 миллион доллар же 293 миллион сомдон ашыгы санариптештирүү секторун реформалоо программасынын алкагында берилери күтүлүүдө.   Ошондой эле, мектептик билим берүүнү реформалоонун алкагында Кыргызстан дагы 7,7… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилди

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилди. Бул Боом капчыгайында таш кулатуу иштерине байланыштуу, — дешти “Кыргыз темир жолу” ишканасынан.   Ага ылайык, бүгүнтөн тарта 13-майга чейин трассанын 131-чакырымында кооптуу таштарды атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүп, жол эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө… Кененирээк…

Токтоп турган ишканаларды жанданткандар 5 жылга салыктан бошотулат

Кыргызстанда токтоп турган ишканаларды жанданткандар 5 жылга салыктан бошотулат. Novosti.kgге Экономика жана соода министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдиргендей, тиешелүү өзгөртүү Салык кодексине киргизилди.   Маалыматка ылайык, мындай чечим инвестициялык, улуттук, регионалдык долбоорлорго тиешелүү болот. Бул боюнча жалпы жобо жакында бекитилет.   Кошумчаласак, ишкерлер 5… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек автозаводуна жакын арада капсула салынат

Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип кура турган машина заводго жакын арада капсула салынат. Бул тууралуу Novosti.kgге Экономика жана соода министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.   Маалыматка ылайык, учурда ишкананы кошумча нарк салыгынан бошотуу боюнча иштер жүрүүдө.   Чүй облусунда жайгаша турган автозавод ушул жылдын аягына… Кененирээк…