Быйыл Кыргызстанда жол курууга 1 миллиард сом каралды

Быйыл Кыргызстанда жол курууга 1 миллиард сом каралды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.   Ошол эле учурда 607 миллион сом каржыланган.   Эске салсак, март айында Япония Кыргызстанга жолдорду жакшыртуу үчүн 5 миллион доллардан ашык кайтарымсыз каражат берери белгилүү болгон.

Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз аба каттамдар жанданат

Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз аба каттамдар жанданат. «Манас» аэропортунан билдиришкендей, Бишкек – Баткен – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар 18-майдан тарта аткарылат.   Маалыматка ылайык, учуулар ата мекендик авиакомпания тарабынан жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү болот.   Эске салсак, «Баткен» аэропорту ушул жылдын 1-апрелинен баштап… Кененирээк…

Бакай-Ата конушундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу 80% аяктады

Бишкектин Бакай-Ата конушундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу 80 пайызга аяктады.   Мэриянын маалыматына караганда учурда терезелерди жана эшиктерди орнотуу, имараттын профилин жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.   Мындан тышкары, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган.

Кыргызстанда мас абалында унаа айдагандар дээрлик 50 пайызга азайды

Кыргызстанда мас абалында унаа айдагандар дээрлик 50 пайызга азайды.   Соңку эки айдын жыйынтыгын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жарыялады. Ага ылайык, 8-марттан тарта 728 адам машинесин мас абалында айдаганы аныкталган. Былтыр ушул маалда бул көрсөткүч 1 миң 448 болчу.   Белгилеп кетсек, өлкөдө жол… Кененирээк…

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт

Эртең Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.   Мындан улам, эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин трасса маал-маалы менен жабылып турат. Жумуштар автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында… Кененирээк…

Бишкектин Лев Толстой көчөсүнө тротуар куруу пландалууда

Бишкектин Лев Толстой көчөсүнө тротуар куруу пландалууда.   Мэриядан билдиришкендей, аталган көчөнүн Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабына узундугу 2 чакырымдай тротуар курулат.   Алдыда шаардык кызматтар курулуш жүрө турган жердеги объектилерди жана инфраструктуранын элементтерин текшерет.

Кыргызстан менен Кытай «Бедел» өткөрмө бекетин ачууну талкуулады

Ысык-Көл облусундагы кыргыз-кытай чек арасындагы «Бедел» өткөрмө бекетин ачуу жана Сары-Жаз дарыясына гидроэлектростанциянын курулушу күтүлүүдө.   Бул боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень менен жолгушууда талкуулаганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.   Ошондой эле тараптар… Кененирээк…

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.   Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 11-майда болжол менен саат 19:48де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.   Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында — 3,5 балл, Өзгөн шаарында, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Кара-Дөбө, Шералы, Кароол, Бакмал, Мырза-Арык… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр энергиясы өчүрүлөт

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр энергиясы өчүрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин Пахта, Дмитровка, Осмонов, Жуманазаров, Ленин көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт.   Шаардык мэрия жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Ошто 45 млн сомго жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулууда

Ош шаарында Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишине жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн курулушу башталды. Мэриянын маалыматына караганда, анын бийиктиги 7 метрге чейин болот.   Тепкичтер төрт тараптан каралган. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын лифт орнотулат.   Туруксуз аба ырайында жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратпоо үчүн өтмөк үч катмарлуу… Кененирээк…