Кыргызстан менен Кытай «Бедел» өткөрмө бекетин ачууну талкуулады

Ысык-Көл облусундагы кыргыз-кытай чек арасындагы «Бедел» өткөрмө бекетин ачуу жана Сары-Жаз дарыясына гидроэлектростанциянын курулушу күтүлүүдө.

 

Бул боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень менен жолгушууда талкуулаганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

 

Ошондой эле тараптар энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, соода-логистикалык борборлорду түзүү жана айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо сыяктуу бир катар маселелерди талкуулады.

 

Белгилеп кетсек, Садыр Жапаров жакында Кытайга мамлекеттик сапар менен барат.