Бишкектин шахмат аллеясы курулат

Бишкектин шахмат аллеясы курулат. Мэриядан билдиришкендей, Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аймак интеллектуалдык оюндар үчүн маданий аянтча болот.

 

Аны балдар аянтчасынын ордуна куруу пландалууда. Ал эми балдар аянтчасы Эркиндик бульвары менен Чокморов көчөсүнүн кесилишиндеги коопсуз жайга көчүрүлөт.

 

Мындай чечим ал унаа жолуна жакын жайгашкандыктан кабыл алынды.