Кыргызстанда тарыхый-маданий эстеликтерди калыбына келтирүүгө 500 миллион сом багытталат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов билдиргендей, долбоор 5 жылга эсептелип, каражат республикалык бюджеттен этабы менен алынат.
Ошондой эле эл аралык донорлордун колдоосу күтүлөт.
Өлкөдөгү 2,5 миңге чукул объектилерди изилдеп, калыбына келтирип, алдыга жылдыруу керек, — деди Максутов.