Бишкектин чыгыш тарабында 30-май күнү суу өчөт

Бишкектин чыгышында 30-май күнү эртең мененки саат 09:00дөн 20:00гө чейин суу жок болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бул күнү суу кампада оңдоо иштери аткарылат. Суу өчө турган аймактар:

Садовой көчөсү, Чүй проспектиси, Валиханов көчөсү жана темир жол линиясы менен чектеш аймактарда;

7-апрель, Ауэзов, Исакеев, Валиханов көчөлөрү менен чектешкен аймактарда, Учкун кичи району менен конушунда.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаардыктарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.