Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы кымбаттайт

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы кымбаттайт. Бул тууралуу “Экономист” басылмасына Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди.

 

Анын айтымында, Россиядагы дүңүнөн кое берилген мунай баасы көтөрүлдү. Бул биздин өлкөдөгү бензин жана дизелдик отундун наркына түздөн түз таасирин тийгизет.

 

Учурда Кыргызстанда эски запастар менен бааларды туруктуу кармоо мүмкүн болуп жатат. Ал бүткөндөн кийин күйүүчү май акырындап кымбаттайт. Эшатов ишендиргендей, мунай ташуучулар кескин кымбаттоону алдын алуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.