Токтогул сактагычында суунун деңгээли 10 миллиард кубдан ашты

Токтогул сактагычында суунун деңгээли 10 миллиард кубдан ашты. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти. Учурда резервуарга суунун агып кириши 700 кубометр болсо, чыгышы 430 кубка барабар болууда.   Өлкөнүн энерго компаниялары жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.

Садыр Жапаров бүгүн ШКУ өлкө башчыларынын саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-саммитине онлайн-форматта катышарын маалымат кызматы кабарлады. Индиянын төрагалыгында өтө турган иш-чарага уюмга мүчө-өлкөлөр: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын жана ошондой эле байкоочу макамга ээ Иран, Беларусь, Монголиянын президенттери катышат.… Кененирээк…

Америкалык миллиардер Илон Маск кайрадан дүйнөнүн эң бай-500 адамы рейтингинин сап башына жайгашты

Америкалык миллиардер Илон Маск кайрадан дүйнөнүн эң бай-500 адамы рейтингинин сап башына жайгашты. Bloomberg басылмасынын маалыматына ылайык, ишкердин байлыгы 234 миллиард долларды түзөт.   Экинчи орунда Бернар Арно турат – француз бизнесменинин эсептеринде 200 миллиард доллар бар.   154 миллиарды менен Амазон компаниясынын негиздөөчүсү Джефф… Кененирээк…

Тайвандагы ресторандардын биринде өзгөчө тамак пайда болду

Тайвандагы ресторандардын биринде өзгөчө тамак пайда болду. Келген конокторго крокодилдин буту менен шорпо сунушталууда. Ал 3 саат кайнатылат. Бышкан крокодил бутунан башка бул тамакта бөдөнө жумурткасы, жүгөрү, бамбук жана кесме бар.   Бир порциянын баасы 48 долларды түзөт. Андан тышкары, бака кошулган рамен дагы сунушталат.… Кененирээк…

“Айыл чарбасын каржылоо — 11” долбоорунун алкагында фермерлерге 6,5 миңден ашык насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо — 11” долбоорунун алкагында фермерлерге 6,5 миңден ашык насыя берилди. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, учурга карата берилген жалпы сумма 3 миллиард сомдон ашат.   Насыялар мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана башка бир катар багыттар боюнча берилип келет.

Кесиптик лицейлердин базасындагы жайкы лагерлерде 1 миңден ашуун бала эс алат

2023-жылдын 1-июлунан тарта №85 кесиптик лицейдин базасында “Келечек” жайкы лагери өз ишин баштады. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, мында 300 бала эс алат.   Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу балдарды жайкы лагердин ачылышы менен куттуктап, аларга эс алуу убактысын… Кененирээк…

Бишкекте 6 айда көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга дээрлик 11 млн сомго айып салынган

Бишкекте 6 айда көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптын көлөмү 10 млн 930 миң сомду түздү.   Муниципалитеттен билдиришкендей, тартип бузгандардын жалпы саны 1 миң 43тү түзсө, анын 480и физикалык жактар жана 563ү юридикалык жактар. Борбордо мыйзам бузуулардын саны боюнча Биринчи май району алдыңкы орунда турат.… Кененирээк…

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз аба каттамы ачылышы мүмкүн

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз аба каттамы ачылышы мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктү Кыргызстандын тышкы иштер министри өлкөгө расмий сапар менен келген малайзиялык кесиптеши Замбри Абдул Кадир менен болгон эки тараптуу жолугушууда талкуулады.   Жээнбек Кулубаевдин айтымына караганда, түз авиакаттамдын ачылышы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө шарт түзөт.

Кыргызстанда бир жумада 19 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталган

Кыргызстанда 24нөн 30-июнга чейинки аралыкта 19 миң 207 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.   Маалыматка ылайык, алардын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 197; мас абалында рулга отуруу — 197; автунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында инновациялык технологиялар борбору курулуп жатат

Жалал-Абад шаарында инновациялык технологиялар борбору курулуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Курулуш иштерине 64,5 миллион сом сарпталат.   Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 миллиард сомдун эсебинен алынат. IT-борбор ушул жылдын ноябрында курулуп бүтөт деп пландалууда. Мекеме Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору боло… Кененирээк…