Нарын облусундагы “Куланак” ГЭСинин курулушуна 88 миллион доллар багытталат

Нарын облусундагы “Куланак” ГЭСинин курулушуна 88 миллион доллар багытталат. Биргелешип каржылоо боюнча макулдашуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен Евразиялык өнүктүрүү банкы ортосунда жетишилди.

 

Аталган фонддон белгилешкендей, сумманын 44 миллион долларын эл аралык банк каржыласа, ушундай эле сумманы фонд бөлүп берет.

 

“Куланак” ГЭСинин кубаттуулугу 100 мегаватты түзөт. Ал ишке киргенде өлкөдөгү энергодефицит 20 пайызга кыскара турганы айтылууда.