Кыргызстанда “Күн булагы” күн электр станциясынын курулушуна даярдыктар жүрүүдө

Кыргызстанда “Күн булагы” күн электр станциясынын курулушуна даярдыктар жүрүүдө. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, объект Ысык-Көл облусунда пайда болот.

 

Ага салына турган инвестициялардын жалпы суммасы 35 миллион долларды түзөт.

 

Долбоор казакстандык компания менен биргелешип ишке ашат деп пландалууда. Казак тарап техникалык-экономикалык негиздемени даярдап, жергиликтүү энергетиктерден шарттардын болжолдуу топтомун алды. Ошондой эле инженердик жана геологиялык иштер аткарылган. Жакынкы арада айыл өкмөттөр менен келишим жетишилет. Андан кийин компания өлкөдөгү алгачкы күн электр станциясынын курулушуна киришет.