Казань шаарынан Бишкекке түз аба каттамы ачылууда

Казань шаарынан Бишкекке түз аба каттамы ачылууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. 15-июлдан тарта россиялык авиакомпания тарабынан Казань – Бишкек – Казань туруктуу каттамы кое берилет.

 

Татарстандын борбор шаарынан учактар Бишкекке жекшемби күндөрү учса, кайра Казань шаарына учактар ишембиде каттайт. Учуу убактысы 3 саатты түзөт.