Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси быйыл үчтөн бир бөлүгүнө өстү. Мамлекеттик казынага январдан май айына чейин 143 миллиард сом түштү. Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 30 пайызга көп, — деп жазылат Каржы министрлигинин отчетунда.
Сумманын 75 пайызы же 108 миллиард сом салык катары чогулган.