Садыр Жапаров 20-августта Будапештке иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 20-август күнү Виктор Орбандын чакыруусу менен Будапешт шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (19-29-август аралыгында өтөт) байланыштуу иш-чараларга катышат.
«Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт», — деп айтылат маалыматта.