Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган имараттарды алуу уланууда

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган имараттарды алуу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан 14-августтан 17-августка чейин өз билемдик менен курулган курулуштарды, эскиздик долбоорго ылайык келбеген кирүү топторун, ошондой эле муниципалдык аймакта мыйзамсыз тургузулган имараттарды бузуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Төрт күндүн ичинде башкармалык тарабынан 38 объект демонтаждалды.

Алардын ичинен Ч.Айтматов проспектиси боюнча жеңил конструкциядагы 15 объект, Чүй проспектиси боюнча 3 объект, Байтик Баатыр көчөсү боюнча 2 объект, эскиздик долбоорго ылайык келбеген 11 жарнамалык конструкция жана кирүү топтору демонтаждалган.

Ошондой эле Северная көчөсү, №1 дарегинде 15х5 чарчы метр өлчөмүндөгү бастырма, №12 кичи районунда 2 шлагбаум жана Көк-Жар кичи районунда Молдокулов көчөсү боюнча 1 темир тосмо алынды.

Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин катынын негизинде Чүй проспектиси — Шопоков көчөсү жана Абдрахманов көчөсү — Киев көчөсүнүн кесилишиндеги 2 жарнамалык конструкция алынды.