Бишкек шаардык милициясынын башчысы алмашты

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев кызматынан алынып, анын ордуна Азамат Токтоналиев дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Тийиштүү буйрукка министр Улан Ниязбеков кол койгон.

Азамат Токтоналиев буга чейин Талас милициясын жетектеген.

Мунун алдында ИИМ маңзат соодасына аралашкан деген шек менен кармалган милиция кызматкерлерине байланыштуу алты жетекчи кызматтан алынып, 18и тартип жазасына тартылганын билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартип жаза чарасы колдонулду. Маселе министрликтин коллегиясынын кезексиз жыйынында каралды.

17-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте синтетикалык маңзат соодасына шек саналган беш милиция кызматкери кармалганын билдирген. Кылмыш-жаза кодексинин «баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү», «опузалап пара талап кылуу» жана «кылмыш чөйрөсүн түзүү” беренелери менен кылмыш иши козголгону маалымдалган.

Кармалгандар атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген.

Милициянын маалыматына караганда, былтыр 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын баңгизат лабораториясынын иши токтотулган.

Быйыл апрелде Азамат Ногойбаевге кесиптик этиканы бузгандыгына байланыштуу эскертүү берилген.

Ногойбаев 31-мартта Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар бар экенин билдирген. Укук коргоочулар анын кызматтан кетишин талап кылып Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

Ногойбаев түз эфир маалында айткандарын “айрым адамдар туура эмес түшүнүп алганын” айтып, элден кечирим сураган.