Бишкектин ири району 23-августта суусуз калат

Шаршемби күнү, 23-августта, Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Суу берүү төмөнкү аймактарда саат 10:00дөн 21:00гө чейин үзгүлтүккө учурайт:

Абаканов — Дэн Сяопин проспекти — Кустанай — темир жол линиясы менен чектешкен аймакта;

Кустанай — Волков — Садыгалиев — Дэн Сяопин проспекти.

Бул күнү «Киркомстром» суу кампасы менен шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери аткарылат.
«Бишкек суу канал» ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаардыктарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.