Баткен шаарында 500 орундуу мектеп курулууда

Баткен шаарында 500 орундуу мектеп курулууда. Бул президенттин аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады. Сыдык Айтматов атындагы орто мектеп шаардын Базар-Башы кварталында жайгашкан.

 

Аны курууга республикалык бюджеттен 133 миллион сом бөлүнгөн. Учурда курулуш 40 пайызга аяктады. Билим берүү мекемесин пайдаланууга 2024-жылы берүү пландалууда. Аталган мектептин эски имараты жер титирөөдөн кийин жараксыз болуп калган.